Брюсселде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү майрамдалды
2 сентябрь

Брюсселде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү майрамдалды

2025-жылдын 30-августунда Брюссел шаарында Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги мекендештер менен жолугушууну жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу кабыл алууну өткөрдү.

Иш-чарага Бенилюкс өлкөлөрүндөгү кыргыз диаспорасынын, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү маалымат каражаттарынын, туристтик ассоциациялардын жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Конокторго Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалы, ошондой эле кыргыз элинин маданий мурастары жана Кыргыз Республикасынын учурдагы жетишкендиктери тууралуу маалыматтар берилди.

Элчи Айдит Эркин өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бенилюкс өлкөлөрү менен бир катар Макулдашууларга кол коюлганын, ошондой эле эки өлкөнүн жарандары үчүн юридикалык жол-жоболорду кыйла жөнөкөйлөткөн Бельгия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Гаага конвенциясын колдонуу маселеси жөнгө салынганын белгиледи.

Режиссер А.Ажыматтын “Жоокер” тасмасынын көрсөтүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп, анда согуш жана эс-тутумдун универсалдуу темалары кинону улуттук жана дүйнөлүк кабыл алуу аркылуу берилген.