Түптө Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
7 октябрь

Түптө Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 7-октябрда Түп районундагы Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага курулуш министри Нурдан Орунтаев катышып, айыл жана шаарлардын инфратүзүмүн өнүктүрүүдө архитектура жана архитекторлордун салымы зор экендигин белгиледи.

Жалпы 288 чарчы метрди ээлеген имаратта жети кабинет, жыйындар жана күтүү залы, техникалык бөлмө бар. Ал заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.

Белгилей кетсек, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондогон жаңы имараттар салынып жатат.