ТМУ бейформал саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынды
21 май

ТМУ бейформал саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Будапешт шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты.

Саммит Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту жана кабыл алышты:

• Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Будапешт декларациясы;

• «Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу»жөнүндө чечим;

• «Өзбекстан Республикасынын Түрк маданияты жана мурасы фондуна кошулуусу жөнүндө» чечим;

• Афганистан боюнча Мамлекет башчыларынын кеңешинин билдирүүсү.