Бишкек мэриясы: Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти жоюлду
21 май

Бишкек мэриясы: Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти жоюлду

Бишкек шаарынын мэринин демилгеси менен "Эрежелерди жана катышуучуларды алмаштыруу" принцибинин негизинде муниципалдык башкаруу системасын түп-тамырынан бери реформалоо башталды.

Мындай ыкма коррупциялык схемаларды толугу менен жоюуга жана шаардык активдер менен иштөөнүн принципиалдуу жаңы системасын түзүүгө багытталган.      

Өзгөртүүлөрдүн алкагында кадр саясатын толук кайра карап чыгуу жүргүзүлөт: мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү бардык негизги кызмат орундары жаңы адистер менен алмаштырылат, башкаруучулардын командасы түзүлөт.

Өз кезегинде, муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин учурдагы бардык кызматкерлери мэриянын башка кызматтарында ишке орноштурулат.

Мэрдин жеке буйругу менен муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин текшерүүсү жүргүзүлүп, анда:
* муниципалдык мүлктү натыйжасыз пайдалануу
* ижара мамилелерин түзүүдөгү көптөгөн мыйзам бузуулар
* чечим кабыл алууда ачык-айкындуулуктун жоктугу
* ишкерлерден жана шаар тургундарынан түшкөн даттануулар аныкталган.

Натыйжада муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти жоюлуп, анын функциялары Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына өткөрүлүп берилди.

Бул чаралар:
* мүлктү эсепке алуунун санариптик системасын киргизүүгө
* бардык бүтүмдөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга
* шаардык активдердин колдонулушуна болгон көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

"Биз жөн гана аталыштарды өзгөртпөйбүз - биз принципиалдуу жаңы системаны түзүп жатабыз. Эски схемалар менен иштөөгө көнүп калгандар, анда орун таба алышпайт. Биздин максат - абсолюттук ачык-айкындуулук жана кыянатчылыкка жол бербөө",-деп баса белгиледи А.Джунушалиев.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз муниципалдык менчикти ижарага берүүдө коррупция фактыларына туш болсоңуз же муниципалдык мүлктү натыйжасыз пайдаланууга күбө болсоңуз, 0312 97 91 95 (0602) номуруна кайрылууңузду өтүнөбүз.