Бишкекте жаңы заманбап төрөт үйү курулууда
21 май

Бишкекте жаңы заманбап төрөт үйү курулууда

Бишкекте №1 төрөт үйүнүн аймагында бардык заманбап медициналык жана санитардык талаптарга жооп берген жаңы имараттын курулушу жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, жаңы төрөт үйү беш кабаттан жана жер төлөдөн туруп, 150 орунга эсептелген.

Подрядчы уюмдун өкүлү Элдос Курманбековдун маалыматына ылайык, учурда фундамент үчүн арматураны байлоо иштерине 20 монолит адиси тартылган.

Долбоор боюнча, жер төлөдө стерилизация бөлүмү, лаборатория, кампалар жана ашкана жайгашмакчы. Биринчи кабатта кабыл алуу бөлүмү жана операциялык блок болот. Экинчи кабат төрөт бөлүмүнө арналат. Үчүнчү кабатта кош бойлуулук патологиясы бөлүмү жайгашат. Төртүнчү кабатта ымыркайлар жана реанимация бөлүмдөрү болот. Бешинчи кабат административдик жана жардамчы кызматтар үчүн каралган.

Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Замира Матубраимованын айтымында, учурда колдонулуп жаткан №1 төрөт үйүнүн имараты 1936-жылы курулган, болгону 85 орунга ылайыкташтырылган жана азыркы санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербейт.

«Жаңы төрөт үйүнүн пайдаланууга берилиши медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана көптөгөн аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Жыл сайын биздин төрөт үйүндө 4–5,5 миңге чейин төрөт кабыл алынат. Жаңы имаратта бул көрсөткүчтү жылына 9 миңге чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп белгиледи башкы дарыгер Замира Матубраимова.