Таластагы аэропортко тиешелүү мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилке мамлекетке кайтарылды
Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, стратегиялык мааниге ээ болгон Талас шаарындагы аэропорттун 2900 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жогоруда белгиленген жер тилке мамлекетке кайтарылды.
