ТИМ: Кыргыз Республикасынын жарандарынын Америка Кошмо Штаттарынан кайтып келиши тууралуу
10 август

ТИМ: Кыргыз Республикасынын жарандарынын Америка Кошмо Штаттарынан кайтып келиши тууралуу

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 9-августунда Америка Кошмо Штаттарынан Бишкек шаарына Кыргыз Республикасынын 25 жараны атайын каттам менен кайтарылганын маалымдайт. Аталган жарандар АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу өлкөгө кайтарылды.

Депортация тартибине жараша, мындай жарандарга АКШга кирүүгө 5, 10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынуусу мүмкүн. Өлкөгө мыйзамсыз түрдө кайра кирүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал.

Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн кесептерге жол бербөө максатында, АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат.

Ошондой эле, АКШга барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына бул жагдайларды эске алууга, миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине өз убагында кайрылууга үндөйт.