Ош шаары Германия жана Австрия менен эки тараптуу байланышты бекемдейт
21 май

Ош шаары Германия жана Австрия менен эки тараптуу байланышты бекемдейт

Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Масуда Айдарбекова 20-майда Кыргызстандагы Германиянын жана Австриянын Ардактуу консулдары Карл Элердинг, Райнхольд Крэммель, Кристоф Крошке, Вольфганг Хеттеггер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде билим берүү, медицина, маданият, миграция жана жумушка орноштурууда өз ара байланыштарды өнүктүрүү боюнча талкуулашты.

Масуда Айдарбекова Ош шаарынын өнүгүшү жана инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берип, кызматташууну чыңдоонун алкагында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Немис тарап медициналык мекемелердин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү жана медицина кызматкерлери үчүн окутуу курстарын уюштуруп, кийин Германияда жумушка орноштуруу маселелерине токтолду.

Жолугушуунун соңунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашылды.