Бекешев ишембилик өткөрүүнү токтотууну сунуштады: Ал отчет, сүрөткө түшүү үчүн гана керек
18 март

Бекешев ишембилик өткөрүүнү токтотууну сунуштады: Ал отчет, сүрөткө түшүү үчүн гана керек

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жыл сайын өлкө боюнча ишембилик өткөрүү практикасын токтотууну сунуштады. 

Айтымында, бул иш-чара акыркы убакта сүрөткө түшүү жана отчет берүү менен гана чектелип калды. 

“Лениндин идеясы жакшы, бирок аны рынок шартында аткаруу мүмкүн эмес. Бул формалдуу отчетко гана айланды, көчөт отургузушат, башчылар келет, сүрөткө түшүшөт – болду, ишембилик бүттү. Мугалимдерди да зордоп чыгарып жатышат. Бул практиканы токтоткула. Эмнеге мугалимдер профсоюзу унчукпай отурат, билбейм. Тартипсиз адамдар таштаган таштандыны тартиптүү адамдар жыйнап жатат. Андан көрө мыйзам бузганы үчүн коомдук иштерге тартылгандар бар эмеспи, ошолорго тазалаткыла”, – деди депутат. 

Ошондой эле Бекешев Жогорку Кеңеш да жыл сайын ишембиликке чыгып, көчөт отургузарын, бирок анын жыйынтыгы болбогонун кошумчалады. 

“Бир жылы биз көчөт отургузган жерге азыр үй курулуп калды. Ботаникалык бакчага отургуздук эле, анын баары куурады. Мындан толк жок. Толк болсо, эчак эле Кыргызстан жапжашыл болуп кетмек”, – деди ал.