Бишкекте Трансплантация жана диализ борборунун курулушу уланууда
Бишкекте Трансплантация жана диализ борборунун курулушу уланууда, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бгүнкү күндө жер төлө кабатынын курулушу толук бүткөрүлүп, имараттын биринчи кабатында иштер жүрүп жатат.
Келечектеги борбор алты деңгээлден турат (жер төлө жана 5 жер үстүндөгү кабат). Анда нефрология, гемодиализ, гепатология, трансплантация бөлүмдөрү, генетикалык жана биохимиялык изилдөөлөр лабораториясы, операциялык залдар, реанимация, бейтапкана жана трансплантациядан кийинки кароого арналган бөлүмдөр жайгашмакчы.
Долбоордун жалпы наркы — 446,6 миллион сомду түзөт. Каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлүүдө. Борбор бөйрөк жана боор оорулары бар бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалмакчы.
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов борбордо трансплантацияга муктаж бейтаптар текшерүүдөн өтүп, орган алмаштырууга даярдыктан өтөрүн белгиледи. Операциялар өлкө ичинде же чет өлкөдө жасалгандан кийин, бейтаптар бул борбордо дарыланууну жана кийинки көзөмөлдү уланта алышат.
Борбордун ачылышы жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, бейтаптарды дарылоонун бардык этаптарында үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнү камсыз кылат.
