Чүй облусунда «дропперлер» кармалды
Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1971-жылкы К.А. аттуу жергиликтүү тургун кайрылды. Ал үйүн 5 089 000 сомго саткан соң, өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырган белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу байланышка чыгып, сумманы «коопсуз» эсепке которууну ишендиргенин билдирди. Аял акчаны которгондон кийин алар менен байланыш үзүлгөн.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-1-беренеси (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2003-жылы туулган А.А. жана 2005-жылы туулган М.Б. аныкталып, кармалды. Алар мурда «Оптима» банкында пластикалык карта ачып, анын маалыматтарын Telegram аркылуу үчүнчү жактарга саткан. Бул карта алдамчылар тарабынан акча алуу үчүн колдонулган. Ошентип, кармалгандар интернет-банкингге жана мобилдик тиркемелерге үчүнчү жактарга толук мүмкүнчүлүгүн бергени, бул да кылмыш болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, А.А. жана М.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Текшерүү иштери уланууда.
Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы эскертет: үчүнчү жактарга SIM-карталарды, банк карталарын жана башка электрондук төлөм каражаттарын берүү кылмыш жоопкерчилигин жаратат.
