Ипотекалык батирлердин баасы жайгашкан жерине жараша аныкталат – Мырзагүл Сардарбекова
7 октябрь

Ипотекалык батирлердин баасы жайгашкан жерине жараша аныкталат – Мырзагүл Сардарбекова

Ипотекалык батирлердин баасы жайгашкан жерине жараша болот. Бул тууралуу түз эифрде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Мырзагүл Сардарбекова маалымдады.

Анын айтымына караганда, баалар чарчы метрге жараша эсептелет.

"Бишкектин Маликов көчөсүндөгү батирлердин чарчы метри кезекте тургандар үчүн баасы 78 миң 705 сом. Кустанай жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде да ушундай эле баа. "Ынтымак" турак жай комплексинде 87 450 сом, ал эми Күн-Туу айылында 83 миң 78 сом”, - деди Сардарбекова.

Ал батирлер үй-бүлөдөгү адамдардын санына жана кирешесине жараша бөлүштүрүлө тургандыгын кошумчалады. Ошондуктан кезекте турган жарандарга кайсы батир бөлүнөрү айтуу кыйын.

Сардарбекова баа саясаты көптөгөн факторлордон көз каранды экендигин айтып, жарандар батирдин баасын МИКтин расмий сайтынан көрө алышарын кошумчалады.

"Учурда баа саясаты курч турат. Эртең бир чарчы метрдин баасы канча болорун айта албайбыз, анткени бул саясий кырдаалга, товарлардын баасына жана дүйнөлүк кризиске байланыштуу. Биз муну алдын ала болжолдой албайбыз”, — деди ал.