иллюстрациялык сүрөт
27 август
Ошто 20 жаштагы кыз 6-кабаттан секирип каза болду
Ош шаарында 20 жаштагы кыз 6-кабаттан секирип каза болду. Окуяны шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-августта шаардагы Партсьезд көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.
Маркум окуя болгон үйгө туугандарына конокко барган.
Күбөлөр кыз бийиктиктен боюн таштаганга чейин бирөөлөргө таарынычы бар экенин айтканын билдиришкен. Андан кийин чогуу отурган кыздар өз иштери менен алек болуп калганда күтүүсүздөн терезеден секирип кеткени айтылды.
Кыз “Тез жардам” менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон.
Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, териштирүү иштери башталды.
