Көкүлов ар бир депутаттын парламентке кандай жол менен келгенин жакшы билерин айтты
18 март

Көкүлов ар бир депутаттын парламентке кандай жол менен келгенин жакшы билерин айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында алгач депутат Эрулан Көкүлов журналисттердин ишмердүүлүгү тууралуу маселе көтөрдү. 

Ал он мүнөттүк убакыт сурап, аны өзү менен журналисттердин ортосундагы пикир келишпөөчүлүктү тактоого короткон. 

Андан соң депутат Акылбек Түмөнбаев Көкүловдун айткан маселеси жеке өзүнө таандык экенин белгилеп, 89 депутатка “анын кимдир бирөө менен кантип чырдашканын угуп отуруу”  кызык эместигин айткан. 

Ал эми Көкүлов Түмөнбаевдин бул билдирүүсүнө мындай жооп берди: 

“Сөзүмдү бурмалабагыла! Депутаттардын милдети – мыйзам жазуу гана эмес, ошол мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө дагы. Силер мени өзүнүн маселесин айтты деп атасыңар. Мен кандай мыйзам бузуу болуп жатканын билдирип, мыйзамдуулукка чакырдым. Акылбек мырза, мен кайдан келгенимди жакшы билем. Мага эмнеге таарынып жүргөнүңүздү да, шайлоо учурунда эмне болгонун да жакшы билем”.

Ошол жерден спикер Маматалиев сөзгө аралашып, депутаттарды “бири биринин атын атабоого” чакырды эле, Көкүлов ага да жооп берди: 

“Менин атымды атап атабы, мен да анын атын атайм”. 

Андан ары депутат бардык депутаттын парламентке кандай жол менен келгенин жакшы билерин айтты. Арасында “үгүтчүлөргө машина ойнотуп” депутат болгондор да бар экенин кыйытты. Бирок кандай машина, кандай ойнотуу жана кайсы депутат экенин тактаган жок.