
Бишкекке 12 метрлик IZUZU үлгүсүндөгү жаңы автобустардын үчүнчү партиясы келди
Бишкекке 24-январда табигый газ менен жүрүүчү IZUZU үлгүсүндөгү 43 бирдик жүргүнчү автобустардын үчүнчү партиясы алынып келинди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, үч эшиктүү 12 метрлик автобустар 85 жүргүнчүгө ылайыкталган. Ден соолугунан мкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар коюлган, кош бойлуу аялдар жана кары-картаңдар үчүн атайын орундуктар каралган.
Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулулугуна жооп берген жабдыктар ( камера, аба муздаткыч, телефондорду кубаттоочу жай) менен жабдылган.
Белгилей кетсек, ушундай автобустардын дагы 25 бирдиги жакынкы күндөрү келүүсү күтүлүүдө.