Борбордук милициянын Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан күйүүчү жана майлоочу материалдарын мыйзамсыз сатуу боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү
21 май

Борбордук милициянын Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан күйүүчү жана майлоочу материалдарын мыйзамсыз сатуу боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Өткөн аптынын дем алыш күндөрү күнү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан Салык кызматынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте, Бишкек шаарынын аймагында күйүүчү майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууну алдын алуу боюнча ошону менен бирге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жол жээгиндеги күйүүчү майлоочуларды мыйзамсыз сатуу менен алектенген жарандарга, мыйзам чегинде чара көрүү жана алдын алуу иш-чаралары уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө, 2 сутка ичинде жол жээктеринде баш аламан соода сатыка бөгөт коюу, ирээтке келтирүү, жол жээгинде күйүчү май саткан ишкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз соода сатык кылган жарандар аныкталып 12 тоннадан ашык күйүүчү май (бензин) алынды.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин (Автоунаа жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу) 1-бөлүгүнүн негизинде (Жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу – жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жалпы суммасы 585 000 сомго айып пул салынып 195 протокол түзүлгөн.