Тенгиз Бөлтүрүк жакында ачыкка чыгарат: Кумтөрдөгү коррупция, ири акча уурдоолор жана глобалдык келишим
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөргө байланышкан жашыруун иштерди жакын арада ачыкка чыгарарын убадалады.
Ал мунун баары ал иштер да качандыр бир анын моюнуна илинип калбашы үчүн жасай турганын белгилеген.
Бөлтүрүк эмнеге бул тууралуу Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы болуп жүргөндө ачык айтпагынын жеке коопсуздугуна байланыштырган. Дүйнөлүк практикада, анын ичинде Кыргызстанда да акыркы жылдары абакта өлтүрүлүп, анан “өзүн өзү асып алды” деген жүйө менен темир тордун артынан сөөгү чыккандар болгонун эске салган.
“Бул жакта балам, неберем бар болчу, алар менен бир кырсык болуп кетпесин дедим. Анын үстүнө жакындарым, авдокаттарым “унчукпаңыз, аман-эсен чыгып кетиңиз”, - дешти. Аман-эсен чыгайын дедим. Мындай учурда эч ким сактык кыла албайт”, – деген.
Ал Кумтөрдү мамлекетке алуу процессинде үй-бүлөсүнүн, өзүнүн коопсуздугун тобокелге салып жүргөнүн, коопсуздук үчүн үй-бүлөсүн Алматыга көчүргөнүн, а өзүн дайыма офицерлер кайтарышканын кошумчалаган.
Айтымында, ошол маалда анын үй-бүлөсүнө телефон чалуулар, коркутуулар болуп турган.
Ал Камчыбек Ташиевге “мен жалгыз баарын тазалай албайм, жардам бергиле” деп кайрылган, бирок эч ким жардам берген эмес, баарын өзү жасаган. Кумтөрдө коррупция абдан чоң болгондуктан, ага жараша каршылык да ошончолук күчтүү болгон.
“Кумтөр ошол убакта 2,3 миллиард долларлык компания болчу, азыр бери дегенде 5 миллиардка жетип калды. Кийин мага карата кылмыш иши козголгондо, соттун алдында, Ташиев, президент болуп кездешкенбиз. Ошондо Зулушев “сизге карата 17 эпизод бар” деген. Бирок сиз акча сураптырсыз же сиздин атыңыздан кайрылыптыр деген бир да факты жок. Ташиев өзү айтып калды: “Аябай издесек тапмакпыз”, – деп. Бирок 18 ай издешти, табышкан жок. Анан болуптур, мен кетейин дедим. Айыппул салышты, аны төлөп, эптеп чыгып кеттим”, – дейт Тенгиз Бөлтүрүк.
Ал анда Кумтөрдөн ким канча жегени, глобалдык келишимдин бузулушуна кимдин салымы бар экени, Кумтөрдөн өтө чоң акчалар кантип жоголуп жатканы тууралуу маалыматтар бардыгын жана алар боюнча жакын арада айтып чыгаарын белгилеген.
