КР БШК
18 март
БШК төрт жаңы депутатты каттады. Ысымдары
КР Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-марттагы жыйынында төрт жаңы депутатты каттады.
Алар
- Ормонов Улугбек Зулпукаровичке № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча,
- Калбердиева Мавлюда Калмаматовнага № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча,
- Чойбеков Бактыбек Каныбековичке № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча,
- Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековнага № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча.
У.З. Ормонов, М.К. Калбердиева, Б.К. Чойбеков жана А.Ж. Мурзакимова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары болуп катталып, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белгилер берилди.
