Кыргызстанда бир жумада коопсуздук курун тагындаган 400 миңден ашуун айдоочу жана жүргүнчүлөр аныкталды
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекстер (АПК) орнотулуп, алар унаа ичинде коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү фото-видео байкоо аркылуу аныктай баштаган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) эске салышты.
Башкы максат - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кыймылынын катышуучуларынын жүрүм-турум маданиятын жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.
Бул функция ишке кирген күндөн тартып, бир жума аралыгында жалпы өлкө аймагында 400 миңден ашуун коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөр аныкталган.
ЖКККББ айдоочулар жана жүргүнчүлөргө кайрылып, коопсуздук курун тагынууга чакырды.

