
2024-жылы Кыргыз Республикасында кедейчиликтин деңгээлинин төмөндөшү белгиленген
2024-жылы кедейчиликтин деңгээли 25,7 пайызды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 4,1 пайыздык пунктка кыскарган.
2024-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылдын ичинде калктын киши башына 65 417 сомду, эң төмөнкүсү – 41 349 сомду түздү.
2024-жылы кедейчиликтин чегинде 1 млн. 871 миң адам жашаган, алардын дээрлик 62 пайызы айылдык конуштардын тургундары болгон.
2024-жылы республиканын бардык облустарында кедейчиликтин деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу төмөндөгөн. Алсак, кедейчиликтин деңгээли Чүй облусунда 4,9 пайыздык пунктка, Баткен облусунда 4,1 пайыздык пунктка, Талас облусунда 3,3 пайыздык пунктка, Жалал-Абад облусунда 3,2 пайыздык пунктка, Ысык-Көл жана Нарын облустарында тиешелүүлүгүнө жараша 2,6 жана 2,1 пайыздык пунктка кыскарган.
Ошондой эле, жакырчылыктын деңгээлинин олуттуу төмөндөшү Бишкек шаарында –- 9,0 пайыздык пунктка жана Ош шаарында – 6,3 пайыздык пунктка белгиленген.