Мектеп, ипотекалык үйлөр, административдик имарат. Жалал-Абадда бир катар объекттер курулууда
Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилүүчү бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу уланууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Облус башчысы Тилек Текебаев күн мурун, 29-июлда Жалал-Абад шаары жана Сузак районундагы бир катар курулуш объекттерин кыдырып чыкты.
Алар:
- Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы 750 орундуу орто мектеп,
- “Асман резиденс-2” жана “Асман резиденс-3” ипотекалык турак жай комплекстери,
- жаңы административдик имарат,
- ошондой эле 750 орундуу жеке менчик “Кембридж” мектебинин курулушу.
Тилек Текебаев ар бир объекттеги жумуштун жүрүшүн жеринен көрүп, айрым кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнүн жана сапатка өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
