Быйыл Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагында 32 ири объект салынууда
Быйыл Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагында 32 ири объект салынууда. Бул тууралуу министлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 29-июлда өткөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, аларга 8,6 млрд сомдон ашык каражат жумшалууда.
"2021-жылы саламаттык сактоонун бюджети 26 млрд сомду түзсө, быйыл, 2025-жылга бюджеттен 49 млрд сом караганбыз жана жумшалууда. Бир эле гемодиализ үчүн жыл сайын 2,8 млрддан ашык каражат кетүүдө. 7 облуска 7 МРТ, 4 облуска компьютердик томография алып бердик. Тез жардам машиналарды, мобилдик машинелерди сатып берип жатабыз. Президенттин тапшырмасы боюнча 2026-жылдан тартып саламаттыкты сактоонун айлыктарын көтөрүү маселеси коюлган, бул боюнча иштер алып барылат. Негизи эле саламаттыкты сактоо тармагын жалпы жакшыртуу иштери жүргүзүлөт”, — деди Адылбек Касымалиев.
