Түптө капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин унаа жолдун бир бөлүгү ачылды 
20 сентябрь

 Түптө капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин унаа жолдун бир бөлүгү ачылды 

Түп айылында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин унаа жолдун бир бөлүгү ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн облус башчысы Уланбек Далиев Ананьево – Каракол унаа жолунун Түп айылындагы бөлүгүн реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, автотранспорт каражаттары катта турган жол тилкесинин ачылышына күбө болду. 

Маалыматка ылайык, төрт тилкеден турган узундугу 1 чакырым 250 метр жолдун реконструкциялоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 72 млн сом бөлүнүп, курулуш иштерин Каракол шаарынын муниципалдык жол тейлөө ишканасы алып барган.

Бул жол тилкеси Ысык-Көл шакекче жолунун бир бөлүгү болуп эсептелет.

Учурда жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыздай турган тротуарларды төшөө иштери уланууда.  

Ыйгарым укуктуу өкүл бардык иштерди өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, транспорт тармагын модернизациялоо аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.