Кыргызстан боюнча жалпы медициналык мекемелердин 25,8% капиталдык оңдоону талап кылат
Кыргызстан боюнча жалпы медициналык мекемелердин 25,8%ы капиталдык оңдоону талап кылат, ал эми 4,6%ы бузууну, тагыраагы, жаңы имарат курууну талап кылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 29-июлда өткөн кезектеги жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, мындай жарактан чыккан ооруканалар 30, 100 жыл мурда курулган.
"Жогорудагы саламаттыкты сактоо тармагындагы олуттуу маселелерди чечүү үчүн, президенттин жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында министрлик 2025-2026-жылдарга карата артыкчылыктуу бир катар багыттар боюнча иштерди жүргүзүүдө", – деп айтылат маалыматта.
