44 жаран милицияга жеткирилди. Кара-Сууда “Бандит" операциясы өткөрүлдү
Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана алдын алуу максатында “Бандит” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Анда кызматкерлер мурда сот жообуна тартылган, учурда дагы кылмыштуу аракеттерге баруусу мүмкүн болгон, ыкчам кызыкчылыкты жараткан атуулдар менен профилактикалык иш-чараларды алып барышты.
Жалпысынан 44 жаран РИИБге алынып келинип, (алардын ичинен 9 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү) биометрикалык маалыматтары (кол манжа издери) алынды.
Учурда башка аймакта жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тууралуу маалыматтар чогултулуп, тийишүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында аталган жарандарга мындан ары да кылмыштуу идеологияны карманып, же жаштарды мыйзамсыз жолдорго тартуу аракеттери аныкталса, мыйзамдын негизинде катуу жазаланары эскертилди.
