Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары тааныштырылды
Бүгүн, 2026-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жыпариса Рысбекова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басарын тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, министрдин орун басары болуп Нурбек Букуев дайындалды.
Букуев Нурбек Медетбекович — хирург, онколог-гинеколог, медицина илимдеринин доктору, доцент. Клиникалык, башкаруучулук жана илимий-педагогикалык багыттарда 21 жылдык эмгек тажрыйбасы бар.
2024-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборун жетектеп, дарылоо, илимий жана билим берүү иштерин уюштуруу, заманбап клиникалык протоколдорду киргизүү, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү багытында иш алып барган.
2005-жылдан бери хирург, онколог-гинеколог катары клиникалык практика жүргүзүп келет. Ошондой эле Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун онкология жана нур терапиясы кафедрасынын доценти.
Нурбек Букуев 20дан ашуун илимий эмгектин автору. 2011-жылы медицина илимдеринин кандидаты, 2021-жылы медицина илимдеринин доктору илимий даражасын алган. «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
