Эркин Чечейбаев: 2024-жылы калктын жалпы өлүмүнүн көрсөткүчү 2,3%га жогорулаган
Кыргызстанда 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу калктын жалпы өлүмүнүн көрсөткүчү 2,3%га жогорулаган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып билдирди.
Анын айтымына караганда, өлүмдүн себептеринин тизмесинде мурдагы көрсөткүчтөрдөй эле биринчи орунду – кан айлануунун бузулуусу, экинчи – шишиктер, үчүнчүсү – жаракаттар жана уулануулар, төртүнчүсү – дем алуу органдарынын оорулары.
Ошондой эле, жыйындын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда дарыгерлер менен камсыздоо эң төмөнкү деңгээлде экени айтылды. Медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинин негизги себеби айлык акынын аздыгы.
Белгилей кетсек, министрлер кебинетинин бул жолку отурумунда өзгөчө саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелерге көңүл бурулду. Анда Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган министрликтин ведомстволук мекемелеринин жетекчилери саламаттыкты сактоо системасынын учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору, ошондой эле бул тармактын бүгүнкү күнгө чейинки жетишкендиктери тууралуу баяндама жасашты.
