Токмокто гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү
Чүй ОИИББ
27 август

Токмокто гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү

Токмок шаарында 26-августта Чүй ОИИББнын башчысы Каныбек Абдырахмановдун жетекчилиги алдында алдыда өтө турган эл аралык жана мамлекеттик маанидеги иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган кызматкерлердин даярдыгы текшерилди.

Саптык кароодо ШКУ саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматка жаңы кабыл алынган кызматкерлердин салтанаттуу ант берүү аземи өтүп, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарган бир катар кызматкерлер сыйланды.

Чүй ОИИББнын жетекчилиги өздүк курамды кызмат өтөөдө жогорку деңгээлдеги тартипти, кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти сактап, жарандарга сылык жана маданияттуу мамиле кылууга чакырды.