ЖКККББ
18 март
Кыргызстандын аймагында жол белгилери камтылган китептер акысыз таратылууда
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан жол белгилери камтылган китептер иштелип чыкты.
ЖКККББдан кабарлашкандай, китептер өлкөнүн бардык аймактарына жеткирилип, бүгүн, 18-мартта, айдоочуларга акысыз таратылды.
Ошондой эле орозо кармаган жарандарга ооз ачарга белектер да берилди.
Иш-чаранын негизги максаты – жол кырсыктарынын алдын алуу, айдоочулардын жол эрежелерин билүүсүн жакшыртуу жана жолдо маданияттуу, сабырдуу болууга чакыруу.
