Түмөнбаев Көкүлов тууралуу: Жапжаш туруп... эки колду чөнтөккө салып... ким менен урушат, бизге кызык эмес
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов журналисттерге “эскертүү” бергенден кийин анын кесиптеши Акылбек Түмөнбаев “трибуна – жеке маселелени чечүүчү жер эместигин” эске салды.
Ал ушуну менен бир нече жолу Көкүлов парламент трибунасын жеке кызыкчылыгына колдонгонун белгиледи.
“Он беш мүнөттөй сүйлөп, канча депутаттын убактысын алды. Өзүнүн маселесин ФБ баракчасынан же түз эфирден айта берсин да. Бул жакка мыйзамдарды, долбоорлорду алып чыксын. ГАИшник менен уруштум, журналист менен уруштум дейт – ал жеке иши. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң райондору, Каракол шаарынан шайланып келди. Ал жакта мектеп, бала бакча, суу маселелери толтура да. Ошолорду айтпайбы. Эрулан мырзанын жеке көйгөйүн угуп отура беребизби? Үй-бүлөсү менен чатакташабы, журналист же ГАИшник менен урушабы, бизге кереги жок. Анан да колду чөнтөккө салып алып... жапжаш болуп туруп... кыргыз элинин добушун алып келген депутаттарды сыйласын”, – деди депутат.
Ага удаа депутат Элвира Сурабалдиева дагы ушул маселеге кайрылды. Ал өткөн чакырылышта жеке маселеңди көтөрүп атасың деп ага микрофон бербей койгонун, ал эми бул чакырылышта спикердин Көкүлов менен жакшы мамилеси бар үчүнбү, ага жол берип жатышканын белгиледи.
“Таарынычтарды, өзүно тиешелүү сөздөргө подкасттар, ММКлар бар, ал жакка чыгып, арыз-муңун айтыш керек. Бул жакта элдин көйгөйүн көтөрүш керек. Жакында болгон окуялар боюнча мен да тепкиге алындым. Бийликти мактаган блогерлер тепкилеп атат. Фейк маалыматтар чыгып атат. Тиешелүү кызматтарга кат жолдойм, иликтөө жүргүзүү керек. Мен бирок бул жактан таарындым, абройума шек келтирип атасыңар деп айта албайм. Себеби трибуна такыр башка маселелер үчүн”, – деди Сурабалдиева.
Спикер Маматалиев депутатка он мүнөт убакыт депутаттык топтун лидерлери менен акылдашкандан кийин бериле турганын эске салды.
