Беш адам каза болду, анын төртөө балдар. Кашка-Сууда үрөй учурган жол кырсыгы катталды 
15 май

Беш адам каза болду, анын төртөө балдар. Кашка-Сууда үрөй учурган жол кырсыгы катталды 

2026-жылдын 14-май күнү Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек–Кашка-Суу унаа жолунда жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 14-май күнү саат 18:40 чамасында Кашка-Суу айылында түндүктөн түштүк багытты көздөй бара жаткан боз түстөгү “Honda Torneo” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу – Бишкек шаарынын 2004-жылы туулган тургуну К. уулу И. жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп, катуу ылдамдыкта бара жатып, унааны башкара албай калып, жол тилкесинен чыгып кетип, жолдун четинде турган жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен төмөнкү жарандар:

1997-жылы туулган С.С.,
2024-жылы туулган Б.А.,
2020-жылы туулган А.М.,
2022-жылы туулган А.А.,
2011-жылы туулган Ч.Ф.
окуя болгон жерде алган жаракаттарынан улам каза болушкан.

Учурда аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын башкаруу эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин алкагында шектүү – 2004-жылы туулган К. уулу И. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96–97-беренелеринин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого чакырат. Айдоочулардан ылдамдык режимин сактап, өзгөчө калктуу конуштарда жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелерде этият болууну өтүнөбүз.