Кербен шаарында 18 блоктон турган жаңы турак жай комплексинин курулушу башталды
видеодон алынган кадр
30 июнь

Кербен шаарында 18 блоктон турган жаңы турак жай комплексинин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында бүгүн, 30-июнда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланган жаңы «Хан-Теңири-7» турак жай комплексинин курулушуна расмий старт берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты.

Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышып, жаңы турак жай комплекси жашоочулар үчүн бардык заманбап шарттар менен камсыз болорун билдирди.

Комплекс 18 блоктон турган 6 кабаттуу турак жайлардан туруп, жалпысынан 540 батирди камтыйт. Анын ичинде 126 бир бөлмөлүү, 306 эки бөлмөлүү жана 108 үч бөлмөлүү батир каралган.

Долбоордо балдар аянтчалары, спорттук жана эс алуу зоналары, ошондой эле 453 унаага ылайыкталган автоунаа токтотуучу жай каралган. Ошондой турак жай комплекстин мектеби жана бала бакчасы каралган.