Жалал-Абаддагы абактарга жашыруун кайрылуу үчүн атайын кутучалар орнотулду
Акыйкатчы институту
27 август

Жалал-Абаддагы абактарга жашыруун кайрылуу үчүн атайын кутучалар орнотулду

Акыйкатчынын орун басары Медербек Усаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Базар-Коргон районундагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №10 мекемесине (түзөтүү колониясына) жана Манас шаарындагы КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №53 мекемесине (тергөө абагына) мониторинг жүргүздү.

Акыйкатчы институтунан кабарлашкандай, мониторинг учурунда кармалган жана жазасын өтөп жаткан жарандардын укуктарынын сакталышы жана кармоо шарттары текшерилди.

Медербек Усаров соттолуучулар жана камактагылар менен жекеме-жеке сүйлөшүүлөрдү да өткөрдү. Анда айтылган маселелер жана арыз даттануулардын айрымдары боюнча укуктук кеңеш берилип, айрымдары мекеменин администрациясы тарабынан жеринде каралып, чечилди.

Мындан тышкары, Акыйкатчы Институтунун кыйноолордун алдын алууга багытталган ишинин алкагында кыйноолорго, ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жол бербөө боюнча маалымат берилди.

Эки мекеме тең 2024-жылы пайдаланууга берилген.

Түзөтүү колониясында кийим-кече жана бут кийим тигүүчү, зым жана кирпич чыгаруучу цехтер иштейт. Мекеменин жалпы сыйымдуулугу 1290 адамды түзөт.

Мониторинг учурунда мекеменин стационарында 9 соттолгон дарыланып жаткан. Ошондой эле, колониянын катуу тартиптеги корпусундагы 186 соттолгон жарандын кармоо шарттары текшерилип, алар менен да маектешүү өткөрүлдү.

Манас  шаарындагы Тергөө абагында мониторинг учурунда 216 адам кармалып турган, анын ичинде 206 эркек, 10 аял. Алардын арасында 8 жашы жете элек өспүрүм жана 10 чет элдик жаран бар.

Мониторингдин жыйынтыгында эки мекемеде тең Акыйкатчы институтуна жашыруун кайрылуулар үчүн атайын кутучалар орнотулду.

2026-жылдын алты айында Акыйкатчы институту тарабынан 482 мониторинг жана текшерүү жүргүзүлгөн, анын ичинен 270у эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларда өткөрүлгөн.