Жумгалдагы Миң-Куш көмүр кенинде жер көчкү түштү 
6 июль

Жумгалдагы Миң-Куш көмүр кенинде жер көчкү түштү 

Бүгүн Нарындын Жумгал районунда алдын ала маалымат боюнча, Миң-Куш айыл аймагына караштуу Дүңгүрөмө айылындагы "Как" тилкесинде "Минерал Прайм" ишканасынын көмүр казып чыгаруу карьеринде жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жер көчкүнүн көлөмү болжолдуу 1 млн куб.

Жерине ӨКМдин Жумгал райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ барган. Алдын ала маалыматка таянсак, адам өмүрүнө жана техникаларга зыян келген эмес. 

Белгилей кетсек, аталган карьерде коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан көмүр кенин казуу ӨКМ тарабынан убактылуу токтотулду.