Кубат Касейинов жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду
Касейинов Кубат Усенкулович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
