ЖК төрагасы кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.
Төраганын куттуктоосу:
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Ардактуу мусулман бир туугандар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаз менен кошо жарыша келген куттуу Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!
Жалпы адамзатты сабырдуулукка, чыдамкайлыкка жана тазалыкка чакырган Орозо айы он эки айдын султаны аталып, ислам дининдеги ыйык парздардын бири болуп саналат. Бул айда башкы максат таңдан кечке тамактануудан гана баш тартуу эмес, жан дүйнөнү аруулантып, сооптуу иштерди көп жасоо экени баарыбызга белгилүү. Ошондой эле Орозодо кароосуздарга кам көрүп, муктаждарга жардам берүү да негизги милдет саналып, кең пейилдик менен кечиримдүүлүк да куттуу айдагы ыйык парздардын катарын толуктайт. Албетте 30 күндө жасаган жакшылыктарыбызды мындан ары да улантып, жаман адаттардан алыс болуу менен адамзатка таандык асыл сапаттарга умтулганда гана Орозодогу негизги максаттарыбызга жеткен болобуз.
Кадырлуу мекендештер!
Ислам – гумандуулуктун жана даанышмандыктын дини. Бабаларыбыз тутунган бул дин зулумдуктан оолак болууга чакырып, жалпы адамзатты биримдикке үндөйт. Ошондуктан исламга жана бүткүл мусулмандардын аброюна көлөкө түшүргөн аракеттерге каршы туруп, улуттар аралык достукту, мамлекеттер аралык биримдикти даңазалашыбыз керек. Муну менен катар улуттук салттуу жөрөлгөлөрүбүздү унут калтырбай, Кыргызстан деген эгемен мамлекетибизди биргеликте өнүктүрүшүбүз зарыл.
Кымбаттуу замандаштар!
Жаркыраган жазга туш келген Орозодо жаратылыш менен кошо жаңыланып, өзгөрүүгө жана өнүгүүгө карай ишенимдүү кадам шилтейли.
Кармаган орозобуз кабыл болуп, тилеген тилектерибиз орундалсын!
Дүйнөдө тынчтык орноп, согуштар токтоп, ал эми күнөстүү Кыргызстаныбыз гүлдөп, өнүгө берсин!
