Окумуштуу Ысык-Көлдү астротуризмди өнүктүрүү үчүн келечектүү жер деп атады
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 август

Окумуштуу Ысык-Көлдү астротуризмди өнүктүрүү үчүн келечектүү жер деп атады

Ысык-Көл астрономиялык туризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Мындай пикирин физика-математика илимдеринин кандидаты, Москва мамлекеттик университетинин доценти Владимир Сурдин билдирди.

Анын айтымында, мындай аянтчаларды түзүү үчүн түнкү асмандын караңгы болушу, атмосферанын тазалыгы, тоолуу аймак жана жеткиликтүү инфраструктура зарыл.

Сурдин белгилегендей, Ысык-Көлдүн айланасында мейманкана инфраструктурасы буга чейин эле өнүгүп жатат, ал эми тоолор салыштырмалуу жакын жайгашкан.

Ошол эле учурда астротуризм үчүн өтө бийик тоолорго чыгуу шарт эмес.

Окумуштуунун айтымында, унаа менен жетүүнүн ыңгайлуулугу жана түнкү байкоолордон кийин туристтерди жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү алда канча маанилүү.

«Менимче, бул келечектүү багыт. Мындай жерлерге баруу үчүн адамдар акча төлөөгө даяр болушат», — деди окумуштуу.