Абакиров мугалим, дарыгерлерге мамлекеттик ипотека боюнча өзүнчө кезек түзүүнү дагы бир жолу сунуштады
21 май

Абакиров мугалим, дарыгерлерге мамлекеттик ипотека боюнча өзүнчө кезек түзүүнү дагы бир жолу сунуштады

Депутат Элдар Абакиров Мамлекеттик ипотекалык компанияда мугалим, дарыгерлер үчүн өзүнчө кезек түзүүнү сунуштады.

Ал буга чейин да аталган маселени көтөргөн, бирок айтымында, ага МИКтен «бул биздин талапка туура келбейт» деген жооп келген.

«Мага кечээ 5 балалуу, жалгыз бой мугалим жолукту. Мугалим болуп 20 жылдан бери иштейт экен. Жакында ижарага алган батиринен чыгарып коюшуптур, бара турган жери жок. Ал айтып атат, ипотекага кезекке 2 жыл мурда турган экен. Бирок батирлер көбүнчө алдын ала 50 пайызын төлөгөндөргө берилгендиктен, кезек алдыга жылбай жатат. Мен МИКтин башкы милдети ушундай муктаж адамдарды үй менен камсыз кылуу болушу керек деп ойлойм. 50 пайызын төлөй алчулар жеке компаниялардан деле сатып алышат. Ал эми айына 20 миң сом айлык алган мугалим 50 пайызка жетчү каражат топтой албайт», – деди депутат.