Депутат мигранттардын «Урал» авиакомпаниясына болгон нааразычылыгын жеткирди: Мамиле, тейлөө сапаты начар
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков Россиянын «Урал» авиакомпаниясына буга чейин да арыздар көп түшкөнүн белгилеп, бирок маселе дагы деле чечилбей жатканын айтты.
«Мигранттарыбыз көп кыйынчылыктарга дуушар болушууда. «Урал» башка компаниялардан айырмаланып, кол багажды стандарттан өзгөртүп, финансылык кызыкчылыктарына ыктап жатышат. Мен өзүм да бул көрүнүшкө Москванын Домодедова абамайданында күбө болдум. Мисалы, бир эле көлөмдөгү багаж Кыргызстандан тоскоолдуксуз чыкса, кайра Москвадан кайтаарда ага кошумча акча төлөйсүң. Ошондой эле, жүргүнчүлөргө болгон мамиле, тейлөө сапаты начар. Эч ким бекер учпайт. Коммерциялык негизде болгондон кийин мамиле да жакшы болушу керек. Ушуну кандайдыр бир механизмдерди таап жөнгө салып койсоңуздар», – деди депутат КР Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлүнө кайрылып.
Аталган агенттиктин өкүлү бул боюнча «Урал» авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушуу болгонун, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.
