
Тоо-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө
Ноокат районундагы Тоо-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча унаа жолунун 18-23-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, жумуштар министрликке караштуу № 37 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Белгилей кетсек, быйыл Тоо-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча унаа жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган.
Курулуш иштери бардык жол салуу нормаларына ылайык аткарылып, кыймылды жакшыртуу жана жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жеңилдетүү максатында жүргүзүлүүдө.