Депутат: Россиядан Кыргызстанга карай учактардын билет баасы Өзбекстанга караганда үч эсе кымбат болууда
21 май

Депутат: Россиядан Кыргызстанга карай учактардын билет баасы Өзбекстанга караганда үч эсе кымбат болууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Кылычбаева Россиядан Кыргызстанга болгон учак билеттеринин баалары көзөмөлдөөгө муктаж экенин билдирди.

Айтымында, учурда Россия жергесинде 60 миңден 150 миңге чейин кыргызстандык мигранттар бар. Алар мекенине келип-кетүүдө билет баасынын кымбаттыгына байланышкан кыйынчылыкка дуушар болушат. 

«Мен буга чейин Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине ушул маселе боюнча кайрылсам, «бааларды көзөмөлдөө биздин компентенцияга кирбейт» деп жооп беришкен. Бирок мен агенттиктин милдеттерин окуп чыксам, бул нерсе турат. Кыязы, өздөрүнүн милдеттери эмне экенин өздөрү деле окушпайт окшойт. 4-пункта билет бааларын жана тарифтерди эл аралык стандартка ылайык көзөмөлдөй тургандыктары жазылып турат», – деди депутат.

Ошондой эле депутат Россиядан Өзбекстан менен Кыргызстанга аралык бирдей – 4 миң чакырым экенин, бирок Өзбекстанга учуу Кыргызстанга караганда үч эсе арзан түшөөрүн кошумчалады. Мисалы, 4 адамдан турган кыргызстандык үй-бүлө Кыргызстанга билет алса, ал 140 миңге айланат, ошол эле маалда Өзбекстанга 34 миң болушу ыктымал.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлү депутатка жооп иретинде:

«Биз бул маселени карап чыгабыз, бирок айтып коеюн – азыр авиакомпаниялардын чыгымы көп. Авиакеросин кымбат, андан башка да чыгымдар толтура. Кайсы компания 140 миң сомго жеткирип жатканын изилдеп, сизге кат жүзүндө маалымат беребиз», – деди.