Жети-Өгүздө 400дөн ашуун үй-бүлөгө кайрымдуулук жардамы таратылды
13 март

Жети-Өгүздө 400дөн ашуун үй-бүлөгө кайрымдуулук жардамы таратылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда жалпы 410 үй-бүлөгө, анын ичинде Кызыл-Суу айылында 40 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө кайрымдуулук жардамдары берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынан маалымдашты. 

Муфтияттан билдиришкендей, демөөрчүлөр ысымдарын атоону каалабай, жардамды жашыруун берүүнү суранышты.

«Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу баш болуп, жардамды муктаж үй-бүлөлөргө жеткирип, элдин атынан ыраазычылыгын билдирип, батасын берди», – деп айтылат билдирүүдө.