Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары жолукту
Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Хакан Фидан жолукту.
КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 2025-жылдын 6-октябрында Габала шаарында өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүүсүн, анын ичинде Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаздын 17-18-сентябрда Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарын жана анын Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынына катышуусун канааттануу менен белгилешти.
Ошону менен бирге, эки тараптуу мамилелердин жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн азыркы абалы жана мындан ары тереңдетүү келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

