Жалал-Абад облусунун башчысы ЮНИСЕФтин КРдагы өкүлү менен жолукту
Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тараптар Жалал-Абад облусунун аймагында балдар укуктарынын сакталышы, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, ымыркайлардын өлүмүн болтурбоо, кош бойлуу энелердин билимин жогорулатуу жана төрөткө чейинки даярдыктар боюнча маалымдуулугун жогорулатуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Облус башчысы Тилек Текебаев аймактагы балдарды колдоо жана коргоо багытындагы кызматташтык аракеттерин жакшыртууга кызыктар экенин белгиледи.
Мындан сырткары, ЮНИСЕФ эл аралык уюму Жалал-Абад облусунун аймагында 2010-жылдан баштап, энелердин жана балдардын ден соолугун жакшыртуу, билим сапатын өнүктүрүү багытында аткарып келе жаткан жумуштарга токтолду.
Ыйгарым укуктуу өкүл тармактын ишин жакшыртуу менен энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу, зордук-зомбулуктарды болтурбоо боюнча системалуу иш жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.
