Кыргызстанда пенсия курактагылардын арасында эркектерге караганда аялдар көп
13 июнь

Кыргызстанда пенсия курактагылардын арасында эркектерге караганда аялдар көп

Кыргызстанда 2024-жылы тышкы миграциялык көрсөткүч көбөйдү, бул жылы 11,2 миң адам миграция агымына кошулган. Ошону менен 2023-жылга салыштырмалуу мигранттардын катары 1,4 миң адамга көбөйгөн. 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин демографиялык статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жанара Мааткулова маалымат жыйынында билдирди. 

Айтымында, эркек кыргызстандыктарга караганда айым кыргызстандыктар басымдуулук кылат. 80 жаштан жогору эркектерге караганда бул курактагы аялдар эки эсе көп. 

“Жаш курактын маанилүү үч мүнөздөмөсү бар: эмгекке жарамдуулукка чейинки, эмгекке жарамдуу жана эмгекке жарамдуулуктан өткөн мезгил. 2025-жылы эмгекке жарамдуу жана эмгекке жарамдуулуктан өткөн адамдардын саны көбөйдү, ал эми эмгекке жарамдуулукка чейинки мезгилдеги, башкача айтканда, балдардын саны азайган”, – деди Мааткулова.