Кадамжайда ири көлөмдөгү баңги зат менен шектүү жаран кармалды
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын ортолорунда Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлерине кошуна мамлекеттин жараны “Х” Баткен облусу аркылуу башка өлкөгө баңги зат ташып жатканы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Маалымат тиешелүү тартипте катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын натыйжасында, Кадамжай районунун Айрыбаз айылынын аймагында жөө бара жаткан жеринен кошуна мамлекеттин 25 жаштагы жараны Т.К. кармалган. Жанынан өзгөчө жыты бар, скотч менен оролгон 5 даана баңги затына окшогон зат табылып, тинтүүдө 3 даана уюлдук телефон, тамеки, өзүнүн мамлекетинин валютасы, медициналык беткап жана бет арчу табылды.
Табылган заттын жалпы салмагы – 4 кг 965 граммды түздү.
Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, заттар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Учурда кошумча тергөө жана ыкчам иликтөө иштери уланууда.
