Кыргызстанда балдарга жеке клиникаларда эмдөө жасалат
26 сентябрь

Кыргызстанда балдарга жеке клиникаларда эмдөө жасалат

Жогорку Кеңеште балдарга медициналык жана билим берүү кызматтарынын коопсуздугун жана сапатын жогорулатууга багытталган “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жактырылды.

Өзгөртүүлөргө ылайык, эмдөөлөр эми мамлекеттик эмес, жеке клиникаларда да жүргүзүлө баштайт. Бул кезек күтүүлөрдү азайтып, дарыгерлердин жүгүн жеңилдетип, эмдөө менен камтууну жогорулатат.

Минималдуу санитардык талаптар мектепке чейинки мекемелерге, анын ичинде жеке ишкерлер тарабынан көбүнчө турак жайларда ачылган жеке бала бакчаларга да киргизилүүдө. Бул мекемелер эми балдарды коопсуз тамак-аш менен камсыздап, гигиеналык эрежелерди сактоого жана жайларды таза кармоого тийиш.

Демилгечилердин айтымында, өзгөртүүлөр бардык тараптар үчүн пайдалуу:

ата-энелер жана балдар үчүн – балдар бакчаларында жана мектептерде эмдөө үчүн жеткиликтүү жерлер жана коопсуз шарттар;
бизнес үчүн – жеке бала бакчалардын жана клиникалардын иштөөсүнүн так эрежелери;
мамлекет үчүн – саламаттыкты сактоо системасына жүктү азайтуу, эмдөө менен камтууну жогорулатуу жана санитардык көзөмөлдү күчөтүү;
коом үчүн – жугуштуу оорулардын чыгуу коркунучун азайтуу.

Мыйзам буга чейин үч окуудан өтүп, кол коюлгандан кийин күчүнө кирет.