ЖК Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди
Жогорку Кеңеш Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Талапкер боюнча сунуштама жана маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.
Талкуу маалында депутат Таалайбек Сарыбашов жаштарды аскердик кызматка кызыктыруу багытында кандай иштер жүргүзүлөрүн сурады.
Ал эми депутат Камила Талиева чек арага жакын жайгашкан аймактарга, айрыкча Баткен облусуна аскерлерди даярдаган окуу жайларды ачууну сунуштады.
Депутат Надира Нарматова аскер бөлүктөрүндөгү «дедовщина» маселесине көңүл бурду. Аны менен бирге мектептердеги аскерге чейинки даярдык сабактары үчүн жаңы программа иштеп чыгып, атайын тажрыйбалык аянтчаларды ачууга чакырды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин жактырып, коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди.
