Жамиля Исаева IV Евразиялык Аялдар форумунда аялдардын лидердиги боюнча Мамлекеттик план тууралуу маалымат берди
20 сентябрь

Жамиля Исаева IV Евразиялык Аялдар форумунда аялдардын лидердиги боюнча Мамлекеттик план тууралуу маалымат берди

«Гендердик теңчиликти өнүктүрүү Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын маанилүү багыттарынын бири. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча атайын программа бекитилди. Бул документте саясатта жана коомдо аялдарды колдоо, тоскоолдуктарды жоюу боюнча чаралар камтылган», - деди Исаева. Бул жылы форумга дүйнөнүн 126 өлкөсүнөн келген 1500 ашуун адам катышып жатат.