Спикер: «Армияга барбаса, ал бала – жөн эле илинип турган колбаса...»
Спикер Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында сатирик Райкан Шүкүрбековдун ыр сабын эске салды. Парламентте коргоо министрине Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги каралууда.
Айрым депутаттардын аскерде «дедовщина» күчөп жатканы тууралуу билдирүүлөрүнө спикер белгилүү сатириктин төрт сап ыры менен жооп берди.
«Армияга барбаса,
Окуп билим албаса,
Ал бала жөн эле, Илинип турган колбаса», – деген Райкан Шүкүрбековдун ыры бар. Жигиттер сөзсүз армияга барышы керек. Ал жактын эрежеси, тартиби бар, анча-мынча какыс-кукус болот. Ага ызылдай берген туура эмес. Албетте, чектен ашып кеткенде атайын комиссия иликтеп, тийиштүү жазасын берет. Бирок какыс-кукус болушу керек, армия деген эс алуучу жай эмес да, ал жигиттерди бышыруучу жай. Армияда катуу тартип болууга тийиш», – деди спикер.
